Кыргызстанда акыркы төрт жылдан бери балдардын төрөлүшү азайып кетти. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Камила Талиева билдирди. 

"2019-жылы Кыргызстанда 173 миң 484 бала төрөлгөн, 2020-жылы 158 миң 112 бала, бул 2019-жылга караганда 15 миңге аз. 2021-жылы болсо 150 миң 164 бала, бул 8 миңге аз. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча берилүүчү жөлөкпулдардын санынын азайышы өлкөдөгү балдардын төрөлүшүн кыскартып жатат. Өткөн жылы "Балага сүйүнчү" жөлөкпулу 12,9 пайызга азайып, 130,2 миң адамга гана берилди", - деди Талиева. 

Ошондон улам депутат мамлекет үй-бүлөдөгү үчүнчү баланын төрөлүшүнө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам берүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек деп эсептейт. Ошондой эле сунуштап жаткан "Алтын бала" программасы тууралуу айтып берди. 

Белгилегендей, программада 2025-жылдын 1-январынан тартып үч балалуу үй-бүлөгө балдары жаңы төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыккыча жөлөкпул берүү сунушталган. Бул алыскы, тоолуу жана шарты татаал аймактарда ишке ашырылуучу пилоттук долбоор болуп саналат. Андан ары этап-этап менен чек ара аймагында, алыскы, тоолуу жана шарты татаал аймактарда жашаган бардык жаш балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүү каралат.