8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене боюнча айып коюлган.  

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган.