Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин салык реформасын кубаттап, ишкерлердин каржылык түйшүгүн азайтуу үчүн "Дордой" соода-базар комплексинин жетекчилиги контейнерлер турган жердин ижара акысын азайтуу чечимин кабыл алды. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров жакында "Дордой" базарына бир катар мамлекеттик кызматтардын жетекчилери менен чогуу барып соодагерлер менен жолугушкан. Бул 2024-жылдын 1-январынан тартып базарда соода кылгандарга ККМди милдеттүү киргизүү аракетине соодагерлердин каршы чыкканынан улам болгон. 

Андан соң УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээлерине кайрылып, базардагы орундар жана контейнерлер үчүн ижара акысы азайтылбаса, базарларды мамлекет өзүнө алууга өлкө жетекчилигинин саясий эрки жетээрин билдирген. 

Ижарачылар жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында, ижарачыларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берүү чечими кабыл алынды. 

Дүң соода кылган катарда ижара акысы эки эсе ылдыйлайт. А чекене соода кылган катардагы ижара акысы 30 пайызга арзандайт. 

Ошондой эле, "Дордой" базарынын жетекчилиги базарды реконструкциялоо боюнча кошумча чечимдерди кабыл алды. Анда инфраструктура жана коммуникация жакшыртылат. Кошумча коомдук тамактануу жайлары жана дааратканалар курулат. Жаңы автобус каттамдары жүргүзүлөт.