Бүгүн, 2-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик ипотекалык компаниялардын курулуш иштери менен таанышып чыкты.
“Үйлөр ипотекага 25 жылга 4% менен берилет. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, биринчилерден болуп мугалимдер, медицина кызматкерлери жана үйгө муктаж жарандар алышат. Негизги максат - чет өлкөдө үй алабыз деп иштеп жүргөн мигранттарды мекенге кайтарып, аларды үйлүү кылуу”, -деди Камчыбек Ташиев.
Алсак, Жалал-Абад облусунда мамлекеттик ипотекалык компаниянын 3000 батиринин курулушу жүрүп, төртүнчү турак-жайдын курулуш иштери башталуу алдында турат.
Алар Жалал-Абад шаарында 3 жерде жана Сузак районунун Ленин, Сузак айыл өкмөттөрүндө 2 жерде курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.
Курулуштарды сапаттуу жана ыкчам турдө жургүзүү талабы эскертилип, бир жылдын ичинде бүткөрүү тапшырмасы берилди.