УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Балыкчыдагы бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сотторго пара жеткирүүчүнүн ролун аткарып жаткан адвокаттарга чара көрүү зарылдыгын белгиледи. 

"Бизде көптөгөн соттор пара алуу менен чечим чыгарышат. Аны баары билишет. Биз азыр пара алган сотторду кармаганга аракеттенип жатабыз. Кыргызстанда 500 чакты сот бар, алардын ар бири күн сайын миңдеген чечимдерди кабыл алышат. Ал чечимдердин көпчүлүгү пара аркылуу кабыл алынып жатканын билебиз. Биз ошондойлорго чара көрүшүбүз керек. Бирок бүгүнкү акыбал, мыйзам менен алардын баарын кармап, жоопкерчиликке тартуу мүмкүн болбой жатат. Урматтуу президентибиз сотторду дайындоодо ар бири менен жолугуп, түшүндүрүп, мыйзамдуу иштөөгө чакырууда. Бирок ага карабай пара алууну улантып жатышат. Алар параны кайдан алып жатышат? Адвокаттар аркылуу. Биздин өлкөдө адвокаттар жарандардын укугун мыйзамдуу түрдө коргоо менен эмес, пара ташуу менен алектенип калышты. Алар өздөрү пара жеткирүү менен кылмыш кылышууда.  Мындан ары мен атайын кызматтын кызматкерлерине ушул багытта дыкат иш жасоого көрсөтмө берем. Биз адвокаттарды да тазалашыбыз керек", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле ал жакында болгон бир окуяны, андагы соттордун аты-жөнүн айтпай баяндады. Айтымында, баңгизат сатуу жана алып жүрүү менен кармалгандарды райондук сот 12-13 жылга кескен, облустук сот ал чечимди күчүндө калтырган. Ал эми Жогорку сот башка чечим кабыл алууга кайра артка кайтарган. 

"Биз тынч, мыйзамдуу, бакыбат өлкөдө жашагыбыз келсе ушул маселени чечишибиз керек. Соттордун пара алуусун токтотуу багытында иш алып барабыз", - деди УКМК төрагасы.