Кыргызстанда жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай жайлар жабылышы керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Балыкчы шаарындагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди. 

 

Төрага коопсуздук кызматкерлери ата мекенге ак дилден кызмат кылып,  уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, терроризмге, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө натыйжалуу иштерди камсыз кылаарын  белгиледи. Аны менен катар УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдети катары жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча мындай жайлардын ишин токтотуу тапшырмасы берилди. Эгерде КР УКМКга ал жайлардын дагы да иштеп жатканы тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилээрин айтты.

 

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети болуп, коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар Фемида өкүлдөрү жана сот системасындагы паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Камчыбек Ташиев республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады. Буга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгы айтылды.