Бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Камила Талиева Баткен облусунун бир катар социалдык-экономикалык маселелерине көңүл бурду.

 

Алгач, эл өкүлү Лейлек районунун билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Тагыраагы, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылынын тургундарынан кат келгендигин, анда жергиликтүүлөр жаңы мектеп курууну өтүнгөнүн билдирди.

 

«Бул айылдагы орто мектеп 1991-жылы курулуп, бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жаштык айылы өзгөчө статуска ээ. Бул жерде Тажикстандан көчүп келген жана «кайрылман» макамын алган этникалык кыргыздар жайгаштырылган», - деген К.Талиева тиешелүү жетекчилерди бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

 

Эл өкүлү кошумчалагандай, учурда аталган мектептин абалы өтө начар. «Мектеп «буржуйка» менен жылытылат. Окуу бөлмөлөрү ным тартып турат. Бул албетте окуучулардын ден соолугуна чоң зыян келтирүүдө», - деди.

 

Андан тышкары, депутат Камила Талиева «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча 5 миң сомдон төлөп берүүнү сунуштады. «Азыр болгону 1 миң сом каралган. Инфляцияны эске алып, бул сумманы 4 миң сомго көтөрүп, 5 миң сомдон төлөп берүүнү сунуштайм», - деп жыйынтыктады Камила Талиева.