Бишкекте №107 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, №107 автобустук каттамдын узундугу 38,4 чакырымды түзүп, 8-10 мүнөттүк аралыкта каттайт. Каттамда 15 автобус бар.
Автобус Арча-Бешик конушунан Ак-Босого конушуна чейин каттайт.
Буга чейин Бишкекте №103 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштагандыгы айтылган.