"Кумтөр маселеси боюнча биз эки президентти, төрт премьер-министрди, эки спикерди, ондон ашык мамлекеттик кызматкерлерди, жалпысынан 20га жакын мамлекеттик кызматта иштеген чоң кызматкерлерди жоопко тарттык. Ошонун негизинде Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алдык", - деди ал.

Камчыбек Ташиев бул тууралуу 28-ноябрда Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты.

Ташиев жоопко тартыла тургандар арасында мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов болгонун, бирок анын кылмыш иши далилденбегендиктен жалгыз акталып чыккан адам болгонун билдирди. Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов жакында эле мамлекетке жардам иретинде 1 млрд сом бергенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын Өмүрбек Бабанов куруп берген. Ага 1 млн АКШ долларынан ашуун каражат сарпталган.

Кыргызстанда алтындын кору боюнча биринчи орунда турган Кумтөр кенинин иши боюнча бир топ чоң кызматкерлер камалып чыкты. Айрымдарынын кылмыш иши кыскарып кетсе, айрымдарыныкы белгисиз.

Улуттук коопсуздук комитети Өмүрбек Бабановду 2021-жылы 31-майда кармаган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө саясатчынын күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.