14-ноябрда КР УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен 1989-жылы туулган кыргызстандык Ч.А.Т. кармалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Ал 2017-жылдан бери каракчылыкка катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан расмий издөөдө жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Ч.А.Т. ушул жылдын жайында жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргыз Республикасына келип, аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатып жүргөн.