Америкадагы Кыргызстандын элчилигинин алдында соцтармактардан ар кандай провокациялык билдирүүлөрдү жарыялоо менен таанымал болгон Тилекмат Куренов баштаган топ митинг өткөрүштү. Анда Куренов "саясий туткундарга боштондук берүүнү" талап кылган. Ошону менен катар ал соцтармактардагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды митингге чыгууга чакырып келет. 

"Апрель Баатырлары" коомунун төрагасы Маратбек Мамбетов тынчтык, туруктуулук менен гана өлкө алдыга жыла алаарын белгиледи. 

"Элге тынчтык, стабилдүүлүк керек. Америкада жатып алып кыргыз элин дүрбөлөңгө салып жаткандарга каршымын. Канча деген митингди башыбыздан өткөрдүк. 2010-жылдагы революцияда 19 жаштагы жалгыз баламды жоготком. Канча ата-эне кан жуткан. Ошол күндүн кыргыз элиме кайталанышын каалабайм. Кыргыз элине кайрылам: эч убакта балдарыңарды, жолдошуңарды митингге чыгуусуна жол бербегиле. Биз көргөн күндү көрбөгүлө", - деди Мамбетов.