КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызс футбол биримдигинин жетекчилиги жана футбол клубдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди. 

Анда айтылгандай, жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгү футбол клубдарынын акыбалы жана келечеги тууралуу талкуулашты. Ошондой эле профессионалдуу футболду өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

участникам встречи рассказали о текущем положении и перспективах клубного футбола в стране. Стороны обсудили актуальные вопросы развития профессионального футбола и высказались о проблемах.

Камчыбек Ташиев спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле футбол дагы өлкөнүн кадыр-баркын көтөрө турганын жана буга өлкө башчысы Садыр Жапаров өзү көңүл буруп жатканын белгиледи.

Ошондой эле спорттун бул түрүнө тыкыр көңүл буруларын убадалап, мамлекет мындан ары да футболго колдоо көрсөтөрүн айтты.