Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрыда көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Иш-чаранын расмий ачылышы 15-ноябрда саат 18:00дө өтүп, саат 18:20да кинотеатрдын чоң залында "Даньте" фильми көрсөтүлөт. Ал эми саат 20:00дө көрүүчүлөрдүн назарына "Сага чуркайм" тасмасы тартууланат (кичи зал).

16-ноябрда саат 12:00дө "Орландо", саат 14:30да Ipersonia фильми көрсөтүлөт. Эки тасма тең кичи залда коюлат.