Чет мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттерине, террордук аракеттерге катышуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны Т.Х.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 8-ноябрында КР УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын 1995-жылы Жалал-Абад областында туулган Т.Х.Х. аттуу жараны кармалды.

Маалым болгондой, Т.Х.Х. 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Джихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилип, ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Кармалган адам КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.