Кыргызстан Германия менен эл аралык аба каттамдарын ачууга, ошондой эле бул өлкөнүн авиакомпаниялары менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Гамбург шаарында өткөн Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда билдирди.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров "Кыргызстандын эл аралык аэропортторунда чет элдик авиакомпаниялар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн, анын ичинде каттамдардын башкы айлампасында жеңилдиктер каралганын" белгиледи.

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда түз аба каттамдары жок. Бир өлкөдөн экинчи өлкөгө учкан жүргүнчүлөр Стамбул же башка шаарлардагы аэропортторду колдонушат.

Кыргызстандын бардык авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Евробиримдиктин "кара тизмесинде". Буга коопсуздук стандарттарынын сакталбаганы себеп болгону айтылган.