Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарланды. 

Айрым маалымат каражаттары депутаттын суракка чакырылышын 2022-жылдагы шайлоо учурундагы добуш сатып алуу боюнча ызы-чууга байланыштырышууда. Эске салсак, Свердлов бир мандаттуу округунан депутаттыкка ат салышкан Атазов добуш сатып алганы айтылган. Өз убагында БШКнын координациялык ыкчам аракет тобу добуш сатып алуу фактысы катталганын жана материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин билдирген. Белгилей кетсек, шайлоодо Атазов үчүн Раимбек Матраимов акча таратканы да айтылган. 

Атазов өзү мындай маалыматтарды четке кагып келет. "Кудайдын, элдин колдоосу менен" эл өкүлү болгонун кайталагандан чарчабаган депутаттын жакында кримавторитет "Дженго" менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аудиосу соцтармактарга жарыяланган. 

Учурда бийликтин уюшкан кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөш жүргүзүп жатканын жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин УКТ мүчөлөрүнө гана эмес, алар менен байланышта болгон мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга дагы чара көрүлөөрүн билдиргенин эске алганда, Атазовдун азырынча кандай жагдайда суракка чакырылганын болжолдоо кыйын. Депутаттын колдоочулары бул маалыматты "ал көптөгөн коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып келатат, ошондуктан суракка чакырылышы депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн" багытына бурууга аракеттенишүүдө. Бирок ошол эле убакта депутат качан, кайсы коррупциялык схемаларды ачыктап, коомчулуктун көңүлүн бурганын такташкан жок.