Төкмө акындардын республикалык айтышы өтөөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында жана Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган.

Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Башталышы саат 10:00. Кирүү акысыз.

Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Билет баасы 500 сом.

Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт. Суроолор боюнча байланыш номери: 0709665202