Ошто өз балдарын сабаган эне кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта аял кишинин эки баланы уруп жатканы тартылган видео тараган. Араван райондук ички иштер бөлүмү социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүп, чогултулган материалдардын негизинде анын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургун экенин аныктаган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн 2 жашар эгиз кыздары экендигин, заара ушатып койгондугу үчүн аларды сабаганын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде келинге Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Учурда наристелердин алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын буга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кызды мажбурлап никеге тургузуу фактысы катталса, ал иштердин 84 пайызы кылмыштын курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылса, ур-токмокко алынган 264 балага коргоо ордери берилген.

Былтыр балдардын ишеним телефонуна 94 579 кайрылуу болгон. Жашы жете электерге карата зомбулукка байланыштуу 286 телефон чалуу болгон. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар.