Кримчөйрө жана коррупционерлер мамлекетти тоготпой калган учурда өлкөнүн өнүгүп-өсүүсү тууралуу кеп кылуу болбойт. Мындай пикирин саясат талдоочу Бейшенбек Абдразаков айтты.
Эске салсак, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматтарда иштеген 202 адамдын коррупционерлердин анабашы Райымбек Матраимов жана кримавторитет Камчы Көлбаев менен байланышы бардыгы аныкталганын жана алар кызматтан бошотулаарын билдирген.
"Азыр бүт Кыргызстан боюнча ушундай: айыл өкмөттөрүндө эле 30 пайызы "каралар", Акүй, "көкүй", Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында да криминалдар бар болчу. Булар аябай тамырлашып кетишкен эле. Кыргызстандын түбүнө жете турган үч нерсе бар: "каралар", бейөкмөтчүлөр жана коррупционерлер. Мына, ушулардан өлкөнү тазалаш керек.
Учурда Камчыбек Ташиев жакшы иш кылып жатат. Ошол 202 адамды иштен алып, мындай нерсе кайра кайталанбаш үчүн, кийинкилерге сабак болуш үчүн байлыгын мамлекетке өткөрүш керек. Криминалдардын спорт клубу, батирлери, үйлөрү, кафе-ресторандары болобу бүт мамлекетке өткөрүү керек. Акчасы жок болгондон кийин мамлекетке каршы чыга албай калышат. Эл өзү дагы адилеттүү болуп, акыйкатка умтулушу керек. Акча берип койсо эле крималдарды, коррупционерлерди колдобой.
30 жылдан бери президент болобу, премьер-министр, ИИМ, УКМК башчылары болобу криминал менен чогуу оокат кылып келген. Ошолордон алган акчанын эсебинен байышкан. Камчыбек Ташиев деле алардай болуп иштей берсе болмок, ага эмне кереги бар эле криминалдарга, кландарга, коррупционерлерге жаман көрүнүп. Анткени ал улуттун келечеги, өлкөнүн келечеги үчүн башын сайган патриот. Ошондуктан ал кишинин жасап жаткан иштерин колдошубуз керек.
Кландык, криминалдык башкаруу 30 жылдан бери бутуна туруп, мамлекетке баш ийбей калган. Айрыкча Көлбаев менен Матраимовдун тобу. Келген жетекчинин баарын кайырмагына илип алып, кукловод кылып келишкен. Аларды жок кылмайын мамлекет өнүкпөйт", - деди Абдразаков.