Учурда палестина-израилдик куралдуу кагылыштын фонунда социалдык тармактарда, ошондой эле интернет колдонуучулар арасында, Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө жеке колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлер, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылууда. 

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышкандыгы, же террористтик даярдыктан өткөндүгү болсо ал үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

"Эгерде адамдын куралдуу кагылышуу зоналарына катышуу  же баруу ниетинин белгилери бар болсо, же башкаларды ошондой кылууга түрткөн болсо, алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат) жана 416-беренеси (жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет", - деп жазылган маалыматта.