УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кемин районундагы бөлүмү үчүн салынган имараттын ачылышында мындан ары биздин өлкөдө Көлбаевдин да, Матраимовдун да, андан башка дагы кландар болбой турганын билдирди. 

Ал уюшкан кылмыштуу топторго карата күрөш жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу дайыма айтылып келгенин белгиледи. 

"Бирок бүгүнкү күрөш жана аткарылып жаткан иштер мурдагыдан айырмаланат, анткени биз азыр мындан ары өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор болбой турганын жар салдык. Биз ушул сөзүбүздө турабыз.

Жакында өлкө боюнча УКТга, коррупцияга, мыйзам бузууга катышы бар мамчиновниктер аныкталды. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимов менен байланышы бар 92 мамчиновник, Көлбаев менен байланышы бар 60 мамчиновник аныкталды.

Андан тышкары бажы кызматтарындагы 50 кызматкерди аныктадык. Ошону менен 202 кызматкер УКТ менен байланышта болгону жана коррупцияга аралашканы үчүн кызматтан алынат", - деди Ташиев.