2023-жылдын 26-31-октябрында Тбилисиде (Грузия) Универсалдуу кармаш боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Бул тууралуу КР УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, UNIFIGHT боюнча бул чемпионатка дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсү катышты. Мелдештин жыйынтыгында 75 кг салмакта 3-орун жана 100 кг салмакта 3-орунду КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери ээлешти.