Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Венера Раимбачаева Жалал-Абад шаарындагы "Теремок" балдар бакчасынын тарбиялануучулары тарбиячылар тарабынан уруп-сабоого туш болуп жатышканын айткан болчу. 

Бул боюнча аталган шаардын билим берүү бөлүмүнүн адиси Шайырбек Эргешов маалымат берип, бала бакчанын жетекчиси менен тарбиячысы жумуштан кеткенин билдирди. 

Айтымында, 18-октябрда аларга "Теремок" балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелери сөз жүзүндө арызданып кайрылышкан. 

"Ата-энелер балдар уруп-сабоого кабылып жатканын айтышты. Мындан улам жумушчу топ түзүп, бала бакчанын ишмердүүлүгүн текшердик. Ар бир бөлмөдө видеокамера бар экен, аны караганда чындап эле тарбиячы баланы жулкулдатып отургузганын көрдүк. Бирок балдардын оозун скотч менен жаап, дааратканага камайт деген маалыматтар тастыкталган жок. Биз тарбиячыны жумуштан четтеттик, директорго сөгүш бердик, андан соң өз каалоосу менен жумуштан кетти. Экинчи тарбиячы бүгүнкү күнү ооруп жаткандыктан, ага карата чара көрө элекпиз", - деген Эргешов.