Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Министрлер Кабинетин майыптуулугу бар спортчулардын маселесине көңүл бурууга чакырды.
"2023-жылы Кыргызстандан барган спортчулар ийгиликке жетишти, Кытайда октябрда аяктаган Паразиаттык оюндарда кыргызстандык спортчулар биринчи жолу парадзюдо боюнча алтын, эки күмүш медаль жана коло медалга ээ болушту.
Бул таланттуу спортчулар өздөрүн дагы көрсөтүшүп, Кыргызстандын спорт тарыхына кирип, атын алтын тамгалар менен жазаарына ишенем. Ошол эле убакта биз алардын машыктыруучуларын унутуп коебуз", - деген Бекешев социалдык саясат боюнча комитеттен ийгиликке жетишкен спортчуларды машыктырган тренер Андрей Ханадеевге ардак грамотасын тапшырууну суранды.