Бүгүн, 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күнгө карата УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин жаңы техникалары менен таанышты. 

Ал жерде эгемендүү Кыргызстандын ИИМинин техникалары биринчи жолу жаңыланып жатканы айтылды. 

"Ушунча убакыттан бери техникасы жок жүрүп элге кызмат кылгансыңар. Азыр эми мүмкүнчүлүгүңөр кеңейди. Бул мамлекеттин күчүнүн артып жатканынын белгиси. Муну сарамжалдуу кылып, элдин кызматына пайдалангыла", - деди Камчыбек Ташиев.