Бишкек шаарынын мэри болуп кечээ дайындалган Айбек Жунушалиев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, калаа башчысын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырган.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин кызматынан бошотулду.