Караколдо 13 жаштагы бала дайынсыз болуп жаткан. Жакындарынын айтымында, ал эртең менен мектепке кетип, ошол бойдон үйүнө келген эмес. Апасы саат 12:30дар чамасында милицияга телефон чалып кабарлагандан кийин алар издөөгө киришкен.
Кийинчерээк жергиликтүү тургундар баланын сөөгүн шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан табышкан.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, милиция баланын өлүмүнүн себебин тактап жатат.