30-октябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев белгилегендей, мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө, жайгаштырып топтоштурууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Муну менен катар, оюн-зоок чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, кумар оюндарын уюштуруучулардын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн майнаптуулугун жогорулатуу, инвестицияларды тартууну турукташтыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мыйзам долбоорунун милдеттери болуп саналат. Баяндамачы кошумчалагандай, «оюн автоматтарынын залы», «букмекердик контора» жана «тотализатор» сыяктуу түшүнүктөрдүн аныктамаларына тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киригизүү сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Эмиль Токтошев тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишмердүүлүгү боюнча маселе көтөрдү. Ал эми эл өкүлү Надира Нарматова кумар оюндарынын түрлөрүн бир жерде жүргүзүүнүн тартибин жана механизмдерин тактады. Буга экономика жана коммерция министри тотализаторлор жана букмекердик конторалар жабылганын айтып, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, аталган оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, атайын оюн аянтчасынын аймагында же казинодо жайгаштырууга уруксат берилерин маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары оюн-зоок жайлардын кардарлары боло албайт.
Өз кезегинде депутат Акылбек Түмөнбаев оюн-зоок ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн берилген лицензиялардын санына кызыкса, эл өкүлү Айсаракан Абдибаева сунушталып жаткан мыйзам ченемдерин жана лицензияларды жокко чыгаруу механизмдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселесине көңүл бурду. Экономика жана коммерция министри казино ачууга эки лицензия берилгенин ырастады. Депутат Султанбай Айжигитов кумар оюндарын жүргүзүүгө лицензия алган эки казинонун ээлери тууралуу, казинолордогу, букмекердик конторалардагы жана лотереялардагы накталай акча жүгүртүүнүн көлөмү тууралуу сөз кылып, «акчаны адалдоо» тууралуу тынчсыздануусун билдирди.
Жыйында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды