Саясатчылардын дээрлик баары маркум «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен алака-катыш түзгөнү эл ичинде мурда эле айтылып жүрчү. «Каралар» саясатчылардын тойлоруна чейин барып-келип жүргөнү Жогорку Кеңештин трибунасынан да бир нече ирет жаңырган.
Ал каңшаарлар «кримтөбөл» жок кылынгандан бери тастыкталып, лөктөрдүн бир тобунун кулагы көрүнө баштады. Мына бүгүн экс-премьер-министр Сапар Исаков ачыкка чыгыптыр. Ал К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнөн кымбат баалуу брондолгон унааны белекке алганы УКМК тарабынан аныкталып отурат.
К. Көлбаевдин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө М. Рамонов аттуу жаран кармалган. Ал К. Көлбаевдин кылмыштуу жол менен (рэкетчилик жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн) алынган мүлктөрүн айрым саясатчыларга өткөрүп берип турган.
Атай айтсак, 2020-жылдын октябрь айында М. Рамонов “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын экс-премьер-министр С. Исаков абактан чыккан маалда өткөрүп берген (абактан чыгышын куттуктап берген окшойт).
2020-жылдын 5-октябрында С. Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.
«Кыңыр иш кырк жылда билинет»,- деп кыргыз бекер айткан эмес экен…