Ооба, “Манастын уулу Семетей” фильмибизди президент Жапаров баш болгон бир топ инсандар колдоп тарттык. Казакстан, Россия, Турция, Америка, Европа шаарларында тасмабыздын бет ачаарларын өткөрүп, киночуларга тааныштырып жүргөндө “Манасты” тартасыңарбы?” деп сурап атышты эл аралык кино компания продюсерлери. “Тартыш керек!” деп жооп узатып жүрдүк. Сураштырсак “Манас” фильминин сценарийи жазылбаптыр. Кино режиссёр Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңеш депутаты кезинде “Манас” тасмасын 2 миллион долларга, Топчубек Тургуналиев бир топ жыл мурда элден каражат чогултуп бир нече миллион долларга тартууга ниеттенишип, бирок, иш уланбай токтогон. Султан Раев 2009-жылы маданият министри кезинде Болот Шамшиев экөөн Голливуд вице-президенти Сэнфорд Панич Америкага чакырып, “Манас” эпосубуздун негизинде тасма тартууга кызыгышканын жар салды.
“Манастын уулу Семетей” тасмабыз аркылуу кыргыз элибиз, жерибиз, маданиятыбыз менен тааныштырып, “Манас” көркөм фильминин сценарийин (эпостун академиялык вариантынын жана Чынгыз Айтматов төрагалык кылган Кыргызстан жазуучулар союзу Саякбай жана Сагымбай манасчылардын варианттары боюнча Ашым Жакыпбековго тапшырышып карасөзгө айлантылган “Теңири Манас” китебинин мотивинде) англис тилине котортуп, президенттин кеңешчиси Медет Букуев экөөлөп Америкадагы элчилик аркылуу Голливуд менен “Нетфликске” жөнөттүк. Жооп болбоду. Нью-Йоркко барып, “Нетфликстин” офисине кайрылсам чет өлкөлүк киночулар Америкалык салык төлөөчү кино продюсерлер, компаниялар аркылуу гана кайрылышы зарылдыгын билдиришти. Голливуд продюсерлери Мевлут Аккайа, Гриер Уильмс, Джулия Бо аркылуу белгилүү режиссёр Роджер Янг өндүү аттуу-баштуу кино продюсерлерге, кино компанияларга чыктык. Буйруса, жарым жылдан ашык мезгилден бери 2 жарым сааттык “Манас” тасмасын тартуу боюнча Голливуд менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Башкы ролдорду аткаруу Голливуд жылдыздары Брэд Питт, Арнольд Шварценеггер, Шэрон Стоун, Турция жылдызы Бурак Озчивит баш болушкан дүйнөлүк популярдуу актёрлорго сунушталууда.
Тасманы толук бойдон Голливуд кино компаниясы эл аралык ири корпорация менен бирдикте каржыламакчы. Дүйнөлүк кино адистер популярдуу жылдыздардын катышуусунда 50-100 миллион долларга кыргыздын улуу элдик чыгармасын ааламга даңазаласа өлкөбүздүн, Кыргызстаныбыздын имиджи, аброю артпайбы.
Чынгызхан тууралуу бир катар өлкөлөр 19 вариант кино тартышкан. Биз азыр улуу эпосубуз боюнча Голливуд вариантына аракет кылып атабыз. Өткөн жылы Турциялык популярдуу “Эртугрул” сериалынын продюсери Мехмет Боздаг менен “Манас” сериалын тартууну макулдашканбыз. Биз эми Голливуд версиясы менен алектенээрибизге байланыштуу биздин оппоненттер “Манас” сериалын колго алып, кыргыз версиясын тартышса жөн болмок.
Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ,
кино сценарист жана продюсер.