Вице-мэр Нурдан Орунтаев Facebook баракчасына мамлекетке кымбат баадагы офистик имарат кайтарылганын жазды.

Жалпы аянты 500 кв. метр болгон имарат шаардагы кымбат райондордун биринде жайгашкан.

“Өз учурунда жерди берип жатышканда, анын кайсы бир бөлүгү мамлекетке таандык болору айтылганы менен, ал келишим азыркы күнгө чейин ишке ашкан эмес. Офистин баасы 500 миң долларды түзөт”,- деди ал.