Жогорку Кеңеште «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.Сарбагышев, Б.Чойбеков.
Мыйзам долбоору менен «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынан райондук кеңештер жөнүндө нормаларды алып салуу сунушталууда.
- Категория: Коом
- Просмотров: 95