Мурдагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып, кулагы менен мурдунан айрылган Ногойбаева Асель кечээ, 16-октябрда ооруканадан чыгарылганын анын жактоочусу Индира Саутова билдирди.
Эске салсак, окуя 20-сентябрда Селекционное айылында болгон. 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү кескилеп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер мурду менен кулагын тигүүгө жетишкен, бирок алдыда толук калыбына келүүгө Ногойбаевага бир нече операция керектелет. Аларды чет өлкөдөн жасатууга туура келээрин келиндин апасы коомчулукка кабарлаган.
Саутова 16-октябрда саат 11: 00дөн 16: 30га чейин Аселдин үйүндө болгонун айткан.
"5 баш коргоо чарасы жана баш тартуу материалдары боюнча жылыштар бар. Тергөө иштери кайра башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Асель ден соолугуна байланыштуу үйүндө суракка алынган», - дейт ал.