11-октябрда УКМК Пакистан Ислам Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары боюнча  ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын негизинде 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды.

Ага удаа Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын которуп жатканда1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, 12-октябрда КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин  2-бөлүгүнүн 2-пункту (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган жарандар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Азыр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.