Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен коңшу өлкөнүн Бустон шаарында кыргыз-тажик Өкмөттүк делегацияларынын Камчыбек Ташиевдин жана Саймумин Ятимовдун жетекчилиги алдында кезектеги жолугушуусу болду. Анда аталган өлкөлөр ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси каралды. 

Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелеринде иштер боюнча макулдашуулардын аткарылып жатканына канааттануусун билдиришти. 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жумушчу топтордун ишмердүүлүгүн жыйынтыктап жатып, делегация башчылары 2023-жылдын 2-октябрында кол коюлган №44 протоколдун бардык иштерди аткаруудагы жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүүдөгү маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилешти жана анын жоболорун кыйшаюусуз ишке ашырууга даяр экендигин айтышты.

Жолугушуу достук маанайда өттү.