Президент Садыр Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак алып келинип, Бишкекке конду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты.

Тик учак ӨКМДин балансына өткөрүлдү. Анда адамдарды эвакуациялоо же куткаруу үчүн бардык керектүү жабдуулар бар.

Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар жаңыланууда.