2023-жылдын 20-22-октябрында Бишкекте органикалык продукциялардын жарманкеси өтөөрүн Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жарманкенин уюштуруучусу - Органикалык айыл чарба департаменти. Айыл чарба министрлиги кыргызстандыктарды ата-мекендик органикалык продукциялардын жарманкеси – Organic Expoиш-чарасына чакырат.
Бул көргөзмө-жарманкеде - органикалык күрүчтүн түрдүү сорттору, балдын түрлөрү, дары чөптөр, эттин түрлөрү, кыямдар, кургатылган жемиштер, жашылчалар, мөмө-жемиштер жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн буюмдары тартууланат. Жарманке Бишкектин И.Раззаков көчөсүндө (эски аянтта) өтөт.