"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн пресс-борбор уюштурулган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал иш-чараны чагылдыруу үчүн сегиз өлкөдөн 400гө жакын жергиликтүү жана чет элдик журналисттер катышып жатканын белгиледи.