Бүгүн Бишкекте КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

"Саммиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алаары күтүлүүдө.

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүү саат 13:00дө башталат", - деди ал.