Курулуш компаниялары үйлөрдү өз каражаттарына куруп, андан кийин гана батирлерди сата башташы мүмкүн. Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү үлүшчүлөрдүн эмес, курулушчулардын эсебинен куруу маселеси каралып жатат.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Жоодар Атакеевдин айтымында, мындай демилге көптөгөн ишканалардын батирлерди өз бүтүрбөй эле кара дубал боюнча сатуусуна байланыштуу көтөрүлүүдө. Мындан улам сатып алуучулар көбүнчө үйүнүн ичин оңдоо иштерин бүт объект пайдаланууга берилгенге чейин эле башташат.

"Көптөгөн жарандардын жеке турак жайы жок. Кара дубал боюнча эле батир сатып алгандан кийин, алар ремонтту баштап, ошол жерде жашай алышат. А эгер терезеден бирөө кулап кетсе, ким жооп берет?", - деп айткан Атакеев.

Ошондой эле ал кээ бир курулушчулар бир батирди бир нече адамга сатып жиберген учурлар катталганын, андай фактылар боюнча соттук териштирүүлөр дагы эле уланып жатканын айткан.

Буга чейин курулуш компанияларынын эсебинен үй куруу маселеси көтөрүлгөн. Демилгечилер акционерлердин укуктарын иштеп чыгуучулардын алдамчылык аракеттеринен коргоо үчүн банктарда атайын эсептерди ачууну сунушташкан.