Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Алар экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевге шилтеме беришкен.

Назарбек Малаев Казакстан аркылуу күйүүчү-майлоочу майдын транзити боюнча көйгөйлөр иш жүзүндө чечилгенин белгилеген.

"Казакстан өз аймагы аркылуу жүк ташууга эч кандай мыйзамдык тыюу салган эмес. Темир жолдо ашыкча жүк болгонуна байланыштуу кыйынчылыктар жаралууда. Учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын директорунун орун басары жеринде иштеп жатат. Казак тарап күйүүчү-майлоочу майдын транзиттик өтүүсүн координациялай баштады" - деген министрдин орун басары.