Мурда маалымдалгандай, уюшкан кылмыштуу топко К.Асанбекке (Көлбаевге) карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 4-октябрында кыргызстандык жаран Боотаев Азрет Түркмөнович кылмышка шериктеш катары кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тактап айтканда, Азрет Түркмөнович Боотаев «Каганат Resort» эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана «Аврора Групп» ЖЧКсынын ээси, башкача айтканда, К.Асанбектин бизнес өнөктөшү катары иш алып барат.

Ошол эле учурда, кээ бир ЖМКларда Бишкек шаарынын, Курултай көчөсүнүн 53 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк башка жаранга тиешелүү делип жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт.

Алсак, жаран Молдобаев Кеңешбек Токтогулович өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок иш жүзүндө ал төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналат: Бишкек ш., Курултай көч., №49. А төмөндө айтылган даректеги башка кыймылсыз мүлк. Кылмыш иши козголуп жаткан жана К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон Боотаев Азрет Түркмөновичтин мүлкүнө жакын жана төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Курултай көчөсү, 53.

Боотаев Азрет Түркменовичтин мүлктөрүнүн арасында жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Боотаев Азрет Түркменовичтин атасы болуп саналган жаран Боотаев Түркмен Эркинбаевичтин наамына катталган. 

КР УКМК жарандарды, уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларынын жана мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендер тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкү телефондор боюнча кайрылууларына чакырат: 0 (312) 66-04-75, 0 (312) 62-65-04, 0 (702) 68-28-68.