Кыргызстанда мындан ары "черный" аталгандар болбойт. Мындай маанидеги билдирүүнү Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармактагы баракчасына калтырды.

"Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн. Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркиндиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен «чёрныймын» дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз", - деп жазды ал.