Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларуста мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу тарап жаткан маалымат жалган экенин 10-октябрда "Азаттыкка" спикердин маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев билдирди.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, мындай сөздөрдү жайылтуудан карманууга чакырды:

"Бул жалган маалымат. Мен да көрдүм, өзүн блогер деп эсептеген адамдар жеке баракчасына ушундай калп маалыматты жайгаштырып, бөлүшүп жатышат. Өлкө жетекчилеринин мындай расмий сапарларынын программасы алдын ала макулдашылып, эки өлкөнүн протоколдук, күзөт кызматтары биргеликте иштешет, ошондуктан жолугушуулар ачык-айкын өткөрүлөт. Төраганы баарыбыз коштоп жүрдүк, менден башка элчиликтин да кызматкерлери жолугушууларга катышып жүрдүк. Курманбек Бакиев менен жолугушуу болгон эмес".

Шакиев баштаган парламенттик расмий делегация өткөн аптада расмий сапар менен Беларустун борбору Минскиде болуп, бул өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп келген.

Кечээ интернетте Минскиде Шакиев жана депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков Бакиевдин сыйлуу коногу болгону, аларды мурдагы президент өзү чакырып, сый тамак уюштурганы тууралуу маалымат тараган.