УКМКнын маалыматына караганда, ушул жылдын 4-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 261 -беренесинин 2-бөлүгү, 267-бересинин 2-бөлүгү жана 37-беренесинин 112-бөлүгүнүн 4 жана 18-пунктунун негизинде кылмыш иши козголгон. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбектин кылмыштуу тобунун опузалап жана рейдерлик жол менен тартып алынган мүлктөрдү легализациялоого жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга катышкан 20дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.  

Булардын арасында Турсунтай Салимов дагы бар болгон. Ал көптөгөн убакыттан бери кримавторитеттерди менен бекем байланышта болуп, мыйзамсыз каржы булактарын көбөйтүп берип, уюшкан кылмыштуу топторго финансылык колдоо көрсөтүп келген. 

 К.Асанбектин кылмыштуу тобуна карата Турсунтай Салимовдун дайымкы демөөрчү болуп келгени, "общакты" каржылаганы, кылмыштары үчүн мыйзам жазасынан укук коргоо органдарынын жооптуу кызматкерлерин "сатып" алууга жардам бергени аныкталган. 

Андан тышкары Т.Салимов абактардагы шарттарды оңдоого "кайрымдуулук" кылып, аны ошол жакта жазасын өтөп жаткан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү үчүн жасап келген. 

Алынган фактыларга ылайык, Т.Салимов "мыйзамдагы ууру" К.Асанбекти жана анын кылмыштуу байланыштарын бизнестеги атаандаштарынын бизнес долбоорлорун, активдерин өзүнө өткөрүп алуу максатында жеке кызыкчылыгына колдонуп келген. 

2023-жылдын 9-октябрындагы кылмыш ишинин алкагында Салимовго КР Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде айып тагылды. Ошол эле күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. 

УКМК эскертет: уюшкан кылмыштуу топтор менен аеосуз күрөшүү өлкөдө улантылат жана жыйынтыктары коомчулукка жарыяланып турат.