Мурдагы депутат, "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимовдун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот аны 9-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. 

Сот процесси учурунда Салимовдун кан басымы көтөрүлүп, Тез жардам чакырылганы белгилүү болду. Аны дарыгерлер ооруканага алып кетишкен.