Бишкектеги "Мадина" базарынын ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов кармалганы 5-октябрда белгилүү болгон. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” деген беренеси боюнча шектелип жатканы айтылган. Тагыраак белгилегенде, мурдагы депутат Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна каржылык колдоо көрсөтүп келгени аныкталган.
Салимовдун камакка алынышы "Мадина" базарында иштегендердин тынч күнүн бузду. Алар президентке кайрылышып, "Кыргызстанды өнүктүрүүгө опол тоодой салымын кошкон" мурдагы депутатты, учурдагы бизнесменди бошотууну суранышкан. Салимовду эмнеге мыйзам чегиндеги шектенүүлөрдөн бошотуп, эркиндикке чыгаруу керек? Аталган базардагылардын аргументтери мындай: "ал мыкты бизнесмен, базар үчүн Кыргызстанда эң ири салык төлөөчүлөрдүн экинчиси", "ал беш маал намаз окуган такыба адам, базардын жанына мечит курган, ажылык сапарга барып келген", "ал кездемелерди башка өлкөлөрдөн алып келип Кыргызстандагы тигүү тармагын өнүктүргөн", "ал 70 жашка чыгып калды, карыган адам кантип кримдүйнөнү каржыламак эле?", "анын кримдүйнөнүн кайсы бир өкүлүн каржылаганын, байланышканын, колдогонун эч ким көргөн эмес", "ал канча деген адамды жумуш менен камсыз кылып, базарынан кездеме сатууга орун берген" ж.б.
Бизде бул адатка айланды - кайсы бир адам коррупцияга же башка оор кылмыштарга айыпталып кармалаары менен анын жактоочулары сөзсүз табылат. Ошол замат кармалган адамдын жакшы жактарын, качандыр бир кайсы бир адамга берген жардамын алып чыгышып, кайрымдуу, түз жүргөн, такыба адамга айлантышат. Салимовдун окуясында дагы ошол көрүнүш кайталанууда.
Мурдагы депутат 2015-жылы "Прадо" көңүл ачуучу борборунда жашыруун сойкукана кармаганы белгилүү болгон. Жергиликтүү тургундардын арызы менен аталган көңүл ачуу борборун текшерген укук коргоо органдары денесин сатып иштеп жаткан сегиз кызды кармашкан. Коомчулукка бул окуя сойкукананын ошол кездеги депутат Турсунтай Салимовго таандык экени менен чуу жараткан. Кыздардын интимдик кызмат көрсөтүүсүнө шарт түзүп берген имарат мурда бала бакча болгону, имаратты өзүнүн функциясына кайтарууга аракеттен тийиштүү кызматтарды Салимов соттон утуп алганы дагы белгилүү болгон. Архивде жаткан бул маалымат жогорудагы "ал беш маал намаз окуйт, ажылык сапарга барып келген" деген аргументтерге түшүнүктүү жооп болоору талашсыз.
Ал эми тигүү тармагы - "Мадина" базары кездеменин түрү сатылуучу жай. Рынокто боштук болбойт, эгерде Салимов бизнестин бул түрүн колго албаганда анын ордун толуктоочу башка ишкерлер табылмак. А салык - ишкердин милдети. Мамлекетке көп салык төлөгөндөр ар кандай мыйзам жоопкерчилигинен бошотулат деген эреже жок.
Бул жерде Турсунтай Салимовдун канча адамды жумуш менен камсыз кылганына эмес, ал шектелип жаткан кылмыштын маанисине көңүл буруу керек. Кылмыш дүйнөсүн каржылоо, демөөрчүлүк кылуу ошол кылмышкерлердин жасаган ар бир мыйзамсыз ишине ортоктош болуу дегенди билдирет. Азыраак кайрымдуулук кылып, көбүрөөк кылмышка ортоктош болуу же аралашуу такыба адамдын белгиси эмес. Көпчүлүк ушуну түшүнүүгө тийиш.