Нурлан Мотуев журналист Нурсейит Анаркуловдун “Накта Подкаст” көрсөтүүсүндө конокто болуп, “мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Көлбаевдин жок кылынышы жана учурдагы бийликтин ишмердүүлүгү тууралуу ойлорун бөлүшкөн.
“Камчы Көлбаевге тозокко түшөсүң дегем”
- Кыргызстан чакан мамлекетпиз, 7 миллион калкыбыз бар. Ошол 7 миллион элге кримавторитеттерди идеалдаштырып, жаштарына кумир туттуруп кереги жок. Булардын идеясы – “воровская идея”. Талап – тоноо, уурдоо, карактоо, өлтүрүү, афера – ушунун баарын жасап мыйзамсыз боюуну идея катары карманышат. Бул каапырлыкка, жамандыкка үйрөтчү идея. Камчы Көлбаевге акыркы эки жылдан бери видео аркылуу кайрылып келдим. Жолугайын деп дагы аракет кылдым, бирок текебер адам беле же спецназдарга карматып берет деп корктубу, айтор жолукпай койду. Мен ага элге жамандыкты жайылтып жатасың, бул ишиңден баш тарт, болбосо тозокко түшөсүң дегем. Албетте, ким тозокко түшөт, ким бейишке чыгат – жалгыз Аллах билүүчү. Бирок жаман ишти жакшы иштен ажыратып билдирүүчү хадистер бар.
“Камчы Көлбаев мени сабаткан”
- Аны элдин баары билет. Былтыр ушул маалда болгон. Видеокайрылуу кылып “элди бузуп жатасың, Кыргызстанды артка тартып жатасың” деп айта берсем, жанына батып кетти окшойт, үч бандитин жөнөтүптүр. Андайларды дөң бешене деп коет, сөз жетпейт. Сөз жетпегени үчүн бандиттерин жиберип отурат да. Үйдөн чыгып эч нерсе оюмда жок дүкөнгө бараткам. Аңгыча да тапыр-туруп болуп кетти дагы көзүмдү ачсам милиция турат. Тез жардам да келип калыптыр. Көрсө, ошол жерде күбө болгон орус аялдын айтуусуна караганда, менин артымдан көк машина келип, он метр ары токтоп, ичинен маска тагынган үч жигит чуркап түшүп келип, артымдан дубинка менен согушуптур. Эсим ооп жатып калсам, тепкилешиптир. Тиги аял кыйкырып, ага кошулуп ошол жерден өтүп бараткан башкалар кыйкырып, үч бандит коркуп, качып кетишиптир. Мунун баары сот учурунда белгилүү болду. Видеокамерага түшүп калып кол салгандардын бири кармалды. Бирок “дарыланууңүзга кеткен чыгымыңызды ордуна коюп берели”, - деп туугандары кымбат автоунаа алып келип беришкендиктен тосмо арыз жазгам. Анткен менен чыкканына эки күн болбой жатып бир бизнесменди тоноп кайра отуруп калды ал жигит. Бирок анда дагы бизнесменге төлөчүсүн төлөп берип чыгып кеткенин да уктум. Мени Көлбаев ошондон кийин коркуп калды, сынып калды деп ойлоду болуш керек. А мен эч убакта сынбайм. Операция болуп бир аз өзүмө келип калгандан, он күндөн кийин кайра видеокайрылуу жолдодум. “Акмаксың” деп айткам. Азыр кээ бирлер “өлгөндөн кийин эмне айтып жатасың, тирүү кезинде айтпайт белең”, - деп жатышат. Ошондойлор эч нерсени окубаган сабатсыздарбы. Менин тирүү кезинде айткандарым айрым маалымат каражаттарында турат. Окубаган, Мадумаров айткандай сабатсыздар айта беришет экен да.
“Камчы Көлбаев бир сөз менен айтканда - табыт”
- Менин коркпогонумдун себеби – Кудайга болгон терең ишенимимде жатат. Бул дүйнөдө капырларга, тирандарга, зулумдарга каршы согушуп жүрүп өтсөң бейишке чыгасың деген хадистер көп. Курандын дагы аяттарында айтылат. Мен көр азабын көргүм келбейт, а Көлбаев азыр көрүп жатса керек. Талап-тоноп, каракчылык кылып жүрүп өлгөн адамды Аллах кечиреби?
Азыр аны айрымдар жактап, жакшы адам кылып жатышат. Бирок ал бир сөз менен айтканда – табыт. Бул деген мен деген эгосу пайда болуп, текеберчиликке батып калган адам. Андайлар өзү гана кыйын болуп, калгандар кызмат көрсөтүп, тейлеп турушун каалашат. Ошол – табыт. Керсейген Көлбаев да жок болду. Мыйзамга баш ийиши керек болчу.
“Ташиев жакшы эле эскертүү да, убакыт да берген”
- Азыр кримдүйнөсүнүн бир катар өкүлдөрү мыйзамга каршы жашоосунан баш тартып, билдирүү жасап башташты. Бул биздин бийликтин күчтүүлүгү, мыйзамды коргой билгени. Камчыбек Ташиев башында эскертүү берген “Биздин өлкөдө криминал болбошу керек, чыгып кеткиле 2 ай убакыт берем” деген. Көлбаев деңкейип жүрдү укпай. Кармаганы спецназ барса, карышылык кылып атышыптыр. Анан спецназ карап турабы, татыратты да. Эми башка криминалдар өздөрүнүн иш аракетинен баш тартып жатышат. Сакал, Женго, Узун Улан ж.б. Бул деген жыйынтык, жеңиш. Бийлик күчтүү болуп баратат.
Кримдүйнө ишкерлерди коркутту, инвесторлорду качырып келди. “Мыйзамдагы ууру“ деген Россияда жок, Казакстанда, КМШ өлкөлөрүндө жок. “Воровской закон” бизде гана бар экен. 2 ай убакыт берилсе да кетишпеди эле, мына, өлчүсү өлүп, калганы духу түшүп кечирим сурап жатышат.
“Эл-журт колдоп турса өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз”
- Мурунку жана азыркы бийликтерди анализдеш үчүн салыштырып көрүш керек. Акаев бизди алдап келген. Кыргызстан эң жакыр мамлекет деген. Бирок Кара-Кечеге барганымда анын бул сөзү калп экенин далилдегем. Кара-Кече көмүрдүн запасы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Андан башка канча деген кен байлыктарыбыз бар. Акаев алдап, жалжаңдап күлүп жүрүп, акчанын баарын алып качып кетти. Жакында Филипп Киркоровдун 1 миллиард рублдик үйүн сатып алганын укпадыкпы. Кайдагы акча? Кыргызстандан элдин алдап алып кеткен акча эмеспи.
Бакиевди жакшы деп эле атканбыз, бирок алсыз адам экен. Уулу Максим бийликке аралашып кетти. Жанына еврейлердин баарын жыйнап алды. Анын ачкөздүгүнөн эл көтөрүлүп, бир күндө жарылып кетти.
Атамбаев болсо хансарай салды. Кыргызстанда ак мрамор менен Акүй, Тарых музейи, Улуттук китепкана, Агропром салынган. Андагы мраморлорду Атамбаев өзүнүн хансарайына чаптады. Кыргызстанды карызга батырды. Жапаров, Текебаев ж.б.лар камалды. Массалык камоолор ошонун убагында болгон.
А Садыр Жапаровдун бийликке келгенине үч жыл болду. Үч жылда Кумтөрдү коркпой алып койду. Эл аралык мамилени чыңдады. Армия деген бизде жок болгон, 30 жылда мурдагы бийликтегилер жеп эле келишиптир. А Жапаров менен Ташиев армияны күчтүү кылды. Аллах ыраазы болсун.
Садыр Жапаров жакында "2030-жылы дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына киребиз деген амбициялуу планыбыз бар" деп айтты. Эл-журт колдоп турса, өнүккөн өлкөгө айланабыз.