Баатыр уулубуз Ташиевдин кыргыз эли үчүн кылган эмгектери тарых барактарына жазылып, мектеп программаларында окутулуш керек.
Башка иштерин айтып, жазып келе жатабыз. Ал эми "өлкөдө криминал чөйрөсү өкүм сүрбөйт, бандиттер "безпредел" жашоосун мындан ары уланта алышпайт" деп азыркы баштаган иши түшүнгөн адамдар үчүн өтө чоң, ошол эле убакта өз өмүрүнө коркунуч жараткан татаал аракет болуп эсептелет.
Бирөөлөр баштап, жашообузду 180 градуска тескери жакка буруп, элдин шорун курутуп кеткен акмакчылыкты, башка бирөөлөр өз өмүрүн тобокелге салып ондойт экен да.
Өлкөдө бандиттик топтордун күч алып кетиши, криминал адамдарынын саясатка аралашып алышы, а түгүл бийлик кызматтарына, парламентке барып калышы, баягы эле ууру-рецидивист, адам өлтүргүч Атамбаевдин башкаруусунда, эгер эле так айта турган болсок, 2010 -жылы Бакиевди жалган жалаа менен кууп чыгышып, арам ойлуу ыплас адамдардан түзүлгөн УӨ деген "самозванецтердин" кандуу төнкөрүшүнөн кийин башталган, эсибизден чыга элек.
Бишкекте УӨтүн шакалдары бийликти бөлүштүрүп баштаган убакта, райондордо каралар, отуруп чыккандар, бандиттик топтор акимчиликтен акимдерди сүйрөп чыгышып, өздөрүн аким, орун басар, ити-бити кылып шайлап алышкан. "Мыйзам" деген эл сыйлап, коркуп, баш ийип келген нерсе дал ошол 2010 -жылдын 7 -апрелинде өлгөн.
Мына, ошондон бери мыйзамсыз, мыйзам бар болсо да чор тамандар үчүн жазылган, ал эми бийликтегилер үчүн кылмышка жол ачып берген Текебаев окшогон зыянкечтердин жазган кийиз китебиндеги "безпредел" жашоо менен жашап келебиз. Айылдык депутаттар, райондук кеңештин төрагалары да каралардан шайланып калышкан. Себеби алардан эл да, элдин коопсуздугун коргогон күч түзүмдөрү да, аким, сот, прокуратуралар да бүт коркушкан.
Бардык жакты бандиттер башкарып, эл шайлоолордо алардын жүгүртөк пешкаларына, кол караган тилемчилерине, кыскасы өз ою жок манкурттарга айланып калышкан.
Атамбаев өлкөнүн башкаруусун гана криминалдарга басып берип жөн калбай, өзү да кыпкызыл бандитке, учуна чыккан террористке, эң жаманы - өз элинин душманына айланып алды.
Жашаган үйүнө бункер орноткону, куралдарды топтоп алганы, Кой -Ташта жугундукорлорду топтоп, барган жоокерлерге таш ыргытышып, курал колдонгону, Үсөн Ниязбековду өлтүрүп, Саматты түбөлүк майып кылганы ага далил болуп бере алат.
Ошондон бери он үч жыл өттү.
Демократия бар деп бийликтегилерге ооз ачып сүйлөгөнүбүз менен жер жерлерди башкарып алган крим чөйрөнүн адамдарына кынк дей албай, каалаган адамдарды шайлай албай укугу жок адамдарга айланып калышты.
Мына, эми ошол он үч жылда жетээр жерине жетип, "дальше некуда" болуп, элдин шорун курутуп келген бандиттерди тыя турган адамыбыз баягы эле Баатыр уулубуз Ташиев болду.
Ташиевден башка мындай аракетти эч ким баштай да албайт, кыла да албайт.
2010- жылы УӨттүн ажыдаарларына, СДПК, "Республика", "Ар -Намыс", "Ак -Шумкар", "Ата -Мекен" деген кыргыз элинин нак душмандарынан түзүлгөн партияларга каршы чыккан ушул Ташиев түзгөн, башкарган "Ата- Журт" партиясынын азаматтары болгон.
Ошол убакта Ташиевдин өмүр баяны кыскача жазылган кичинекей чакан китеп чыккан. Кичинекей китеп болгон менен ичине бир үй -бүлөнүн өмүрүн камтыган, өтө маанилүү, азыркы замандын жоон моюн тарбиясыз жаштарына үлгү болуучу, чындап келсе өзүнчө эле бир чоң романдын ордун басарлык китеп эле.
Канча жолу окуп чыкканым эсимден да чыгып кетти, себеби китептин мазмунунда адамга аябай таасир эте турган, кээде көз жашыңды кылгырткан окуялар бар болчу.
Адатта роман жазган жазуучулар: эрте менен күн чыкканын, тоолордун кар басканын, түнкү жылдыздарды, кыскасы табигаттын түзүлүшүн кошушуп, адамдардын санын арбытышып, жанынан кошушуп, көркөмдөшүп китептин барагын көбөйтүшөт эмеспи. Ансыз чыгарма жаралбай, китеп болбой калышы баарыбызга маалым деңизчи.
Эгер Ташиевдин ошол китебин жакшы жазуучу роман кылып чыгарам десе, көркөмдөсө, окуяны кенен алса, анда ошол кичинекей брошюра китеп эки-үч том чыгарма болмок.
Жашырганда эмне, колуман келсе Ташиев тууралуу жазып чоң китеп чыгаргым келет. Кыялдангандын зыяны жок да, туурабы?
Темадан чыгып кеттим окшойт.
Менин айтайын дегеним, ушул биз үчүн жанын кылдын үстүнө коюп, качан болсо: коогалаң, жер титиреген, көчкү көчкөн, согуш жүруп жаткан, жерлерге эң биринчи жетип барып, отуз жылдан бери тынбай алмашкан бир да бийлик аракет кыла албаган чек араны чечип, мына эми биздин жүрөктү өйүп келген, эч ким чыгынып бул кесепет ишке кол ура албайт деп үмүт үзүлгөн, эң коркунучтуусу - өсүп жаткан жаштарыбыз өздөрүнө кумир кылып алышкан криминал чөйрөнүн бандитттерин тыйганга бел байлап чыгып отурган Камчыбек Кыдыршаевич көп балалуу жөпжөнөкөй үй -бүлөдө тарбия алып чоңойгон.
Атасы кетмен көтөрүп, эртеден кечке таалада суу суугарган, пешене тер, таза нан менен балдарын баккан жумушчу болгон.
Атасынын ак эмгек менен тапкан наны, берген тарбиясы Ташиевдердин ар бирин дал ушундай даражага жеткирип олтурат.
Ал эми элдин ырыскысын кыйышып, өлкөнү ар тараптама талкалап, уурдап жеген коррупционерлердин балдары арам тамак жеген үчүн, алардан эч бир жакшылык күтпөй эле коюш керек.
Тарбия демекчи, Ташиевдин иниси Шайырбек парламентке, баласы шаардык кеңешке койгондо, а түгүл Шайырбек шайлоодон өткөн убакта, Камчыбек Кыдыршаевич экөөн тең кандидатураларын алып коюшун буйрук кылып, экөө тен кыңк дебестен, уулу алып койду, ал эми Шайырбек мандатын тапшырмакчы болгондо, аны шайлаган шайлоочулары караманча каршы болуп туруп алышып, парламентте калышка мажбур болду.
Мына, муну тарбия деш керек.
Антпегенде, артта калган азаптуу отуз үч жыл ичинде аялын, балдарын аралаштырып, өлкөнүн акмагын чыгарып эле келишпедиби?
Бардык бийлик кызматындагылар Ташиевден таалим алышса жакшы болмок: уулун, аялын, күйөө баласын, кудасын, досун, каяктагы жети атасын таап келип кызматка тыга беришпей.
Эмне демек элек: Камчыбек Кыдыршаевичке ыраазычылык билдирип, рахматыбызды айтабыз, өтө оор иштеринде ийгиликтерди каалайбыз, батабызды беребиз, колубуздан келсе көмөгүбүздү аябайбыз.
Шамурза Борукулов, журналист