Камчы Көлбаевдин УКМКнын кармоо операциясы учурунда куралдуу каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдар кримтөбөлдүн өлтүрүлүшү мыйзамсыз экенин белгилешүүдө. Бул боюнча Би-Би-Си генерал Өмүрбек Суваналиевдин пикирин сураган. 

- "Мыйзамдагы ууру" Көлбаевдин бронмашина менен куралдуу жансакчыларды алып жүргөнү, кармоо учурунда каршылык көрсөткөнүнүн өзү мыйзамга ылайык иш эмес. Ал эми атайын бөлүк барып кармайын дегенде атышуу болгондон кийин жок кылынганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. "Мыйзамдагы ууру" өзү андай жолго барбай, жансакчылары жок жүрүп, повестка менен чакырса, бармак. Бирок алар өзүнүн "понятиеси" менен мыйзамдан алыс болушат, мыйзамды аткарышпайт. 

Экинчиден, бүгүнкү күндө Көлбаев жок кылынгандан кийин анын империясы кимге мураска калат деген суроолор көп. Көлбаев империясын курганда авторитардик президенттик система сыяктуу кылып алган. Ага тең келе турган, тең тайлаша турган Кыргызстанда башка уюшкан кылмыштуу топтор жок болчу. Ошондуктан анын деңгээлине эч ким жете албайт. 2012-жылы аны АКШ департаменти олуттуу криминал деп улуттук кылмыштуу топтордун тизмесине киргизген. 2022-жылы Көлбаевди ким кармаса же ал тууралуу маалымат берсе берилчү сыйлыкты 5 миллион долларга көтөрүшкөн. Бул эмнени билдирет? Көлбаевдин Орто Азия, КМШ өлкөлөрүндөгү карым-катнашы күчтүү, олуттуу кылмыш фигурасы болгонун. Ошондуктан анын ордун башка бирөө басып кетет дегенден алыспыз. 

Рыспек Акматбаев өлгөндөн кийин киши өлтүрүү уланган. Себеби мурда "криминальный общякка" акча төлөп жүргөндөргө кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы барышат, акча бергиле деп. Бербей коюшса, зомбулук көрсөтүшөт, киши өлтүрүү уланат. Ошондуктан ИИМ, УКМК абдан катуу иштеп алдын ала чара көрүү керек. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен, алар кимдер экени белгилүү, абдан катуу иштеши керек. 

Негизи өзүн сыйлаган мамлекет уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен системдүү күрөшөт. Аны жоготконго бийликтин мүмкүнчүлүгү бар. Саясатка аралаштырбай, соодалашпай мыйзам чегинде иш кылса, мамлекет жеңип кетет. Токтотпош керек. УКМКнын төрагасы системдүү иштеп, баарын ачыкка чыгарышаарын айткан. Жогорку Кеңеш "мыйзамдагы ууру", "положенец" атка конгондорду жазалаш үчүн тез арада жаңы мыйзам чыгарышы керек. Ошондо натыйжа берет.